Казакстан атамекендик өндүрүүчүлөрдү колдоону күчөтүүнү улантууда. Негизги максат – өз өнүмдөрүнүн чыгышын көбөйтүү. Президент Касым-Жомарт Токаевдин тапшырмасы боюнча Өкмөт жаңы өнөр жай ишканаларын түзүү жана өнөр жай кызматташтыгын өнүктүрүү боюнча чаралар комплексин ишке ашырды. Ички өндүрүштү колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарынын бири бойдон калууда. Бүгүнкү күндө жардам ишканалардын өнүгүүсүнүн бардык этаптарын камтыйт – жеңилдетилген каржылоодон баштап ири сатып алууларга чейин. 2026-жылдын алты айында гана «Самрук-Казына» атамекендик өндүрүүчүлөр менен дээрлик 4 миң келишим түзүп, суммасы 600 миллиард теңгеге жакындаган. «Даму» фонду пайыздык чендерди субсидиялайт жана насыялар боюнча кепилдиктерди берет. «Өрлөө» программасы ишканаларга өндүрүштү модернизациялоого жана жаңы кубаттуулуктарды ишке киргизүүгө жардам берет. 2024-жылдан бери мамлекеттик колдоого 2 триллион теңгеден ашык суммадагы 10 миңден ашык өнөр жай долбоору ээ болду.
Которгон: Назира
Бегалиева

