Казакстанда жеке маалыматтарды коргоого карата талаптар жогорулады

Казакстанда жеке маалыматтарды коргоого карата талаптар жогорулады

Аяк оона айынын 21нен баштап Казакстанда жеке маалыматтар менен иштөө эрежелери өзгөрөт. Уюм канчалык көп маалыматты сактаса, ошончолук жогорку деңгээлдеги коргоону камсыз кылышы керек. Бул жеке идентификациялык номер, телефон номери, сүрөттөр, банк реквизиттери жана күн сайын кызматтарга берилүүчү башка маалыматтар жөнүндө сөз болуп жатат. Операторлор үч категорияга бөлүнөт – чакан, орто жана ири. Акыркылары үчүн – беш жүз миңден ашык маалымат жана андан көп болсо эң катуу ченемдер каралган: системалардын коопсуздугун баалоо, киберкоопсуздукту мониторингдөө жана алсыздыктарды текшерүү. Жүз миңден ашык жазуусу бар чектелген кирүүчү базалар үчүн да кошумча коргоо чаралары каралган. Тактап айтканда, колдонуучулар идентификациядан жана аутентификациядан өтүшү керек. Коопсуздук бузулган учурда оператор бул тууралуу ыйгарым укуктуу органга бир жумуш күнүнүн ичинде билдирүүгө милдеттүү.


Екатерина Смышляева, Курултай депутаты:


– Орто жана чакан операторлор, башкача айтканда, 10 миңге чейинки жазууларды сактагандар жана 10 миңден 500 миңге чейинки жазууларды сактагандар, бул бүгүнкү күндө эч кандай реестрлерге кирбеген категориялар, алар иштеп жаткандыгы тууралуу эскертмелерди жөнөтүүнүн кажети жок, бирок ошол эле учурда бул маалымат массивдерин коргоо боюнча жоопкерчиликти жойбойт. Орто операторлор үчүн талаптар чакан операторлорго караганда бир аз жогору, ал эми чакан операторлор үчүн алар жетиштүү базалык болуп саналат.


Умитжан Арыкбекова, Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат коопсуздугу комитетинин төрагасынын орун басары:


– Бизде көптөн бери платформа иштеп жатат, бул жеке маалыматтарга кирүүнү көзөмөлдөө, ар бир адам ЕGovго кирип, анын кайсы жеке маалыматтары иштелип жатканын жана ким иштетип жатканын, кайсы уюм иштетип жатканын көрө алат. Мисалы, эгер сиз кирип, кээ бир банктар же уюмдар сиздин жеке маалыматтарыңызга кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин көрсөңүз, жана сизде бул компания алдында эч кандай милдеттенмеңиз жок экенин билсеңиз, анда сиз жөн гана баскычты басып, жеке маалыматтарыңызды жокко чыгара аласыз. Бул кызмат ушул тапта иштеп жатат.


Эскерте кетсек, жеке маалыматтарды коргоо Конституциянын 21-беренесинде бекитилген. Ал жеке жашоонун кол тийгистигин кепилдейт жана маалыматты мыйзамсыз колдонуудан коргойт. Жаңы эрежелер уюмдардын жоопкерчилигин күчөтүү менен бирге казакстандыктар өздөрүнүн маалыматтарын кайсы жакка берип жатканын гана билбестен, алар так кандай корголорун да түшүнүшөт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков