Жасалма интеллект юристтер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Maqsut Narikbayev University окуу жайында жасалма интеллект доорундагы кесиптин келечегине арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Ага Курултайдын депутаттары, тармак адистери жана АКШ, Түркия, Кыргызстан, Өзбекстандан келген серепчилер катышты. Катышуучулар билим берүү процессине нейрондук тармактарды киргизүү, юристтерди даярдоо жана кесиптик стандарттарды өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Адистердин пикири боюнча, заманбап алгоритмдер укуктук маалыматты системалаштырып, күнүмдүк тапшырмаларды автоматташтыра алышат. Бирок, укуктук баалоо жана чечим кабыл алуу адамдын колунда калышы керек. Катышуучулар ошондой эле университеттин келечектеги юристтерди даярдоодогу жаңы ыкмалары менен таанышышты.
Сергей Пен, Maqsut Narikbayev University башкаруу төрагасынын илим, инновациялар жана жасалма интеллект боюнча орун басары:
– AI+X модели боюнча программаны ишке киргиздик. 2 жыл бою сиз AI жана IT чөйрөлөрүн окуйсуз. Бул системалар, код, маалымат базалары, машинаны үйрөнүү, жалпысынан Data Science. 2 жыл бою сиз тандаган домендерге: укук, экономика, лингвистика, каржы, менеджмент жана башкаларга арнайсыз. Биз бул ыкма жакынкы 5-10 жылда үстөмдүк кылат деп эсептейбиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

