Шаарлардагы мугалимдер жүздөгөн чакырым алыстыкта жайгашкан айыл мектептеринин окуучуларына сабак өтө алышат. Казакстанда жасалма интеллектти колдонуу менен долбоор ишке киргизилди. Учурда ал 10дон аз комплекстүү мектепти камтыйт. Сабактар онлайн форматта өтүүдө. Кийинки эки жылда долбоорду миңдеген мектептерге жайылтуу пландалууда. Ошентип, айылдарда жашаган балдар жашаган жерине карабастан кошумча билим алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.
Алмасбек Калдыбек, №84 башталгыч мектептин информатика жана санариптик сабаттуулук боюнча мугалими:
– Билим берүү процесси үчүн атайын платформа түзүлдү. Бардык окуу материалдары жасалма интеллекттин жардамы менен текшерилет. Система ар бир окуучунун билимин талдап, анын реалдуу даярдык деңгээлин көрүүгө мүмкүндүк берет. Бул балдардын кимисине кошумча жардам керек экенин, кайсы темада кемчиликтер бар экенин жана мугалим эмнеге өзгөчө көңүл буруусу керектигин түшүнүүгө шарт түзөт. Мындан тышкары, айылдык мектептердин окуучулары райондук борборлордон келген жогорку квалификациялуу мугалимдер менен онлайн окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Азырынча технология төртүнчү класстын окуучуларына багытталган. Ошол эле учурда жасалма интеллект мугалимди алмаштырбайт. Ал мугалимге кадимки сабак учурунда ар дайым байкай бербеген нерселерди көрүүгө жардам берет: ким теманы жакшы өздөштүргөн, ким ката кетирген жана кимге кошумча түшүндүрүү керек. Бул үчүн система окуучулардын жоопторун талдап, кимге көбүрөөк көңүл буруу керектигин мугалимге түшүнүүгө жардам берет.
Анель Таласпай, башталгыч класстын мугалими:
– Учурда онлайн сабактар жумасына үч жолу өтүүдө. Онлайн мугалим сабактын негизги бөлүгүн өткөрөт жана тапшырмаларды берет, ал эми класстагы мугалим окуучуларга жардам берип, алардын ишин, тартибин көзөмөлдөп, тапшырмалардын өз убагында аткарылышын камсыздайт. Система ошондой эле ар бир сабактын аягында деталдуу аналитика менен камсыз кылат. Анда ар бир окуучунун ар кандай этаптардагы — баштапкы, уланып жаткан жана акыркы тапшырмалардагы аткарган иштери көрсөтүлөт. Бул бизге окуучунун материалды кантип өздөштүрүп жатканын жана алар дагы эмненин үстүндө иштеши керектигин көрүүгө мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

