Казакстанда суу ресурстарынын санариптик картасы түзүлдү

Казакстанда суу ресурстарынын санариптик картасы түзүлдү

Казакстанда 2030-жылга чейин 42 жаңы суу сактагычты куруу жана иштеп жаткан 37 суу сактагычты реконструкциялоо пландалууда. Өлкөдө Мамлекет башчысынын тапшырмаларынын алкагында суу тармагын масштабдуу модернизациялоо уланууда. Ошондой эле 4 жыл ичинде 14,5 миң чакырым сугат каналдары жаңыртылат. Ошол эле учурда сууну үнөмдөөчү технологиялар киргизилип, сел жана кургакчылыкты болжолдоо жакшыртылып, илимий база бекемделип жатат. Өзгөчө көңүл – талааны санариптештирүү. Тийиштүү министрликтин маалыматы боюнча, санариптик трансформациянын негизи болуп Суу ресурстарынын улуттук маалыматтык системасы саналат. Ал суу объектилери, суу чарба инфраструктурасы, суу колдонуучулар жана жер астындагы суулар жөнүндөгү маалыматтарды бириктирип, тармакты башкаруу үчүн бирдиктүү маалымат базасын түзөт. Ага буга чейин 23 миң суу объектиси тууралуу маалыматтар киргизилген. Автоматташтыруу ирригациялык тармактарды да камтыйт. Өлкөнүн түштүк аймактарында жалпы узундугу 857 чакырым болгон 103 каналда иштер башталды.

Нуржан Нуржигитов, суу ресурстары жана ирригация министри:

– Мамлекет башчысынын тапшырмаларын аткаруу стратегиялык ченемдик-укуктук базадан инфраструктураны масштабдуу модернизациялоого жана суу ресурстарын башкаруунун заманбап механизмдерин киргизүүгө өттү. Кийинки этаптын негизги милдети – көрсөткүчтөр пландарынан конкреттүү объектилерди өз убагында бүткөрүүгө өтүүнү камсыз кылуу, суу коопсуздугу, айыл чарба, экономика жана өлкө калкы үчүн туруктуу практикалык натыйжа алуу.

Которгон: Илгиз Жамалбеков