Казакстанда роботтоштурулган хирургия өнүктүрүлүүдө

Казакстанда роботтоштурулган хирургия өнүктүрүлүүдө

Казакстанда роботтоштурулган технологиялар жана жасалма интеллект ортопедияда активдүү колдонулууда. Президенттин иш башкармалыгынын Медициналык борборунун ооруканасында жыл башынан бери Mako системасынын жардамы менен тизе жана жамбаш муундарын алмаштыруу боюнча 50гө жакын операция жасалды. Система бейтаптын анатомиясын эске алуу менен операцияны алдын ала моделдөөгө мүмкүндүк берет. Кийлигишүү алдында пациентке компьютердик томография жасалып, анын негизинде муундун жекелештирилген 3D модели түзүлөт. Андан кийин маалыматтарды талдоо жүргүзүлүп, импланттын параметрлери автоматтык түрдө эсептелет. Алардын негизинде хирург операциянын жүрүшүн алдын ала пландаштырат. Мында робот дарыгерди алмаштырбайт – кийлигишүүнү көзөмөлдөө жана акыркы чечимдер адис тарабынан кабыл алынат.

Ануарбек Кулчаров, Казакстандын  Президентинин иш башкармалыгынын медициналык борборунун ооруканасынын травматолог-ортопед дарыгери:

Бул ыкманын артыкчылыгы эмнеде? Ал кесилген жерлерди жана тешиктерди миллиметрге чейин так аныктайт, ошондой эле робот эсептегендей, так коррекция менен имплантты орнотот. Бирок ошол эле учурда адам да катышат: ал маалыматтарды коррекциялайт, кесүү учурунда жана имплантты орнотуу учурунда байкап турат. Биз бул технологияны колдонуу менен, имплантты так геометриялык тартипте орнотобуз.

Роботтоштурулган хирургияны колдонуунун дагы бир натыйжасы - калыбына келтирүү мезгилинин кыскарышы. Адистердин айтымында, мындай операциялардан кийин реабилитация бирден үч айга чейин созулат, ал эми мурда алты айга чейин созулушу мүмкүн эле. Оорулуулар операциядан кийинки алгачкы күндөрдөн эле кыймылдай башташат.

 Гульнар Шаяхметова, бейтеп: 

Бүгүн бул жерде экинчи күн, мында ушундай реабилитация болуп жатат, бүгүн буттарымды кыймылдатам деп ойлогон эмесмин, бирок баары сонун. Мыкты оорукана, кызматкерлери, көңүл буруусу  андан жакшы. Операциядан баштап, травматологдор, командасы мыкты.

Которгон: Назира Бегалиева