Казакстанда маслихат депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү жүрүүдө

Казакстанда маслихат депутаттарын шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү жүрүүдө

Казакстанда маслихат депутаттыгына талапкерлердин шайлоо алдындагы үгүт өнөктүгү уланууда. Батыш Казакстан облусунда жалпысынан 500дөн ашуун талапкер бар. Алардын басымдуу бөлүгү өзүн-өзү көрсөткөндөр. Талапкерлердин арасында аялдар жана жаштар да арбын. Орточо эсеп менен облустук маслихаттын бир мандатына үчтөн талапкер туура келет. Азыркы учурда талапкерлер Батыш Казакстан облусунун тургундары менен жолугушуп, шайлоо алдындагы программаларын ЖМК жана социалдык тармактардын мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып, сунуштап жатышат. Ушундай жол менен алар шайлоочуларды өз пландары менен тааныштырып, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүү жолдорун айтышууда. Эске салсак, үгүт өнөктүгү жетинин айынын 28индеги шайлоо алдындагы тынчтык күнүнө чейин уланат. Ал эми шайлоонун өзү жетинин айынын 29унда өтөт.

Адил Жоламанов, Батыш Казакстан облустук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы :

–  Бир мандаттуу округдар боюнча жалпысынан 581 талапкер көрсөтүлүп, алардын 551и каттоодон өткөн. Учурда алардын баары шайлоо алдындагы үгүт иштерин башташты. Каттоодон өткөн талапкерлердин 27% аялдар, 32,7% 35 жашка чейинки жаштар түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков