Касым-Жомарт Токаев казакстандык шахматчыларды куттуктады. Улуттук аялдар командасы Өзбекстанда өткөн Дүйнөлүк шахмат Олимпиадасында экинчи жолу катары менен күмүш медаль тагынып, Кытайдан гана артта калды. Президент куттуктоо катында белгилүү шахматчы Бибисара Асаубаева жетектеген команда Өзбекстандагы абройлуу турнирде бирда жолу жеңилбегенин белгиледи. Эл аралык серепчилер бул жетишкендикти спортчулардын жогорку деңгээлин, алардын талантын, эмгекчилдигин жана активдүү патриотизмин көрсөтүп, өзгөчө деп баалашты. Мамлекет башчысы казакстандык аялдарга мындан ары да ийгиликтерди, ошондой эле ден соолук жана бакубатчылык каалады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

