Казакстанда эл аралык
технологиялык хаб түзүлүшү мүмкүн. Аны
түзүү перспективаларын Казакстандын Премьер-министри Олжас Бектенов эл аралык
Network School коомчулугунун негиздөөчүсү Баладжи Шрини-васан менен талкуулады. Долбоорду Акмола облусунда ишке ашыруу,
кийинчерээк Alatau City аймагына кеңейтүү пландалууда. Хаб IT адистерин
даярдоону, стартаптарды өнүктүрүүнү, технологиялык ишкердикти жана жасалма
интеллект жаатындагы долбоорлорду бириктирет. Жаңы
аянтча дүйнөнүн бардык бурчунан келген иштеп чыгуучулар, инженерлер,
изилдөөчүлөр жана ишкерлер үчүн тартылуу борборуна айланары күтүлүүдө. Жолугушууда башка демилгелер, анын ичинде School компаниясынын
AI Film Festival фестивалына катышуусу да талкууланды. Жолугушуунун жыйынтыгында Олжас Бектенов
тиешелүү мамлекеттик органдарга биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга көмөк
көрсөтүүнү тапшырды.
Которгон: Назира Бегалиева

