Казакстанда
акыркы эки жылда 54 жаңы кен жайы ачылды. Бул
активдүү геологиялык чалгындоо иштеринин натыйжасы. Тиешелүү түрдө, өлкөдө
минералдык-чийки зат базасы бир топ жогорулады. Мисалы, алтындын кору 157
тоннадан, жездин кору 122 миң тоннадан, темир кенинин кору 2 миллиард тоннага
жакын көбөйдү. Азыр, Өнөр жай жана курулуш министрлигинин маалыматы боюнча, ата
мекендик геологиялык чалгындоо аймактарды кылдат изилдөөгө өтүүдө. Жалпы аянты
100 миң чарчы чакырымды түзгөн 20 геофизикалык долбоор ишке ашырылууда. Алтын,
жез, литий, вольфрам, молибден, сейрек жана сейрек кездешүүчү металлдарды
издөөгө өзгөчө көңүл бурулууда. Ошол эле учурда, тармак активдүү түрдө
санариптик форматка өткөрүлүүдө. 60 жылдан ашык геологиялык изилдөөлөрдүн 5
миллионго жакын карталары жана отчеттору санариптештирилди.
Канат Ерубаев, өнөр
жай жана курулуш министрлигине караштуу геоелогия комитетинин төрагасы:
– Кийинки кадам – бул жасалма интеллект, биз ондогон
жылдар бою топтолгон геологиялык маалыматтардын чоң көлөмү жөн гана архивдерде
сакталбастан, активдүү иштешин, келечектүү аймактарды тезирээк табууга жардам
беришин жана так чечимдерди кабыл алууну каалайбыз, ал эми бул жердеги акыркы
максат абдан жөнөкөй – геологиялык ачылыштан жаңы өндүрүшкө чейин. Башкача
айтканда, ресурсту аныктоодон – чалгындоо, казып алуу, кайра иштетүү жана
жогорку кошумча нарктуу өнүмдөрдү чыгарууга чейин.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

