Казакстанда дары-дармек өндүрүшү артты

Казакстанда дары-дармек өндүрүшү артты

Казакстанда сегиз дары-дармек заводу курулуп кеңейтилет. Бул жерде онкологиялык, жүрөк-кан тамыр жана жугуштуу ооруларды, ошондой эле кант диабетин дарылоого арналган 500гө жакын препарат чыгарылат. Фармацевтикалык заводдор Алматы, Шымкент шаарларында жана Караганды, Алматы облустарында курулат. Акыркы үч жылда өлкөдөгү дары-дармек өндүрүшү 37% өсүп, 191 млрд теңгеге жетти. Учурда Казакстанда 200дөн ашык фармацевтикалык жана медициналык өнүм өндүрүүчү компания иштейт. Анын 43ү дары заттарын чыгарат. Мындан тышкары, AstraZeneca, Pfizer жана Roche компаниялары өндүрүштү локализациялоо процессин баштады. Бул чаралар импорттон көз карандылыкты азайтууга мүмкүндүк берет деп күтүлүүдө.

Тимур Муратов, саламаттыкты сактоо министринин орун басары:

– 2026-жылдын баш оона айына карата ата мекендик өнүмдүн заттык көрсөткүчтөгү үлүшү 40,3 пайызга жетти. Ошол эле учурда узак мөөнөттүү сатып алуу механизми өнүктүрүлүүдө. 2026-жылдын башына карата 31 ата мекендик өндүрүүчү менен 2022 аталыштагы өнүмдү жеткирүү боюнча 83 келишим колдонууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков