Казакстанда жол инфраструктурасын масштабдуу жаңыртуу уланууда. Быйыл республикалык жолдордун 11 миң чакырымы ар кандай иштер менен камтылган. Ири транспорт коридорлорун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Өлкөдө болжол менен бир жарым миң чакырымды түзгөн 65 айланма жол курулуп жатат. Жаңы участоктор транзиттик агымды шаар жана айыл сыртына чыгарууга жана учурдагы жол тыгындарын жоюуга мүмкүндүк берет. Жыл ичинде жол кыймылынын 30% өскөндүгүнө карабастан, өлкөдө жол кырсыктарынын азайышы байкалды – калктуу конуштарда да, шаар четиндеги магистралдарда да оң тенденциялар болуп жатат.
Олжас Бектенов, Казакстан Республикасынын Премьер-министри:
– Бул оң статистика жүргүзүлүп жаткан алдын алуу иштеринин натыйжасында келип чыкканын белгилеп кетким келет. Жол коопсуздугун жакшыртууга багытталган бир катар мыйзамдык чаралар кабыл алынды. Жол кыймылынын эрежелерин бузуу үчүн кылмыш-жаза жана административдик жазалар күчөтүлдү. Скутерлерди колдонуу, айдоочуларды окутуу жана жашыруун патрулдук кызматтарга байланыштуу маселелер жөнгө салынды. Акылдуу системалар ишке киргизилүүдө. Учурда өлкө боюнча 30 000ден ашык камера жол коопсуздугун көзөмөлдөйт.
Өкмөт жол коопсуздугун жакшыртуу боюнча аракеттер улантыла берерин белгилейт. Негизги багыттарга орточо ылдамдыкты көзөмөлдөө, санариптик мониторинг жүргүзүү жана автоунаа жолдорун заманбап коопсуздук жабдуулары менен андан ары жабдуу кирет. Мисалы, жолдорго көбүрөөк электрондук маалымат такталары жана белгилер орнотулат.
Дархан Иманашев, «КазАвтоЖол» улуттук компаниясы» АК башкаруу төрагасы:
– Түнкүсүн коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулууда. Быйыл жол акысы төлөнүүчү тилкелерде айдоочуларды жолдун абалы жөнүндө эскертүү үчүн лазердик жабдуулар биринчи жолу киргизилген. Учурда мындай 56 түзүлүш акы төлөнүүчү 22 тилкеге орнотулду. Тосмолорго чагылдыруучу элементтер коюулууда, ал эми айрым тилкелерге каршы тилкеде келе жаткан унаалардын чырактарынын сокуусун азайтуучу атайын экрандар коюлууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

