Казакстан жарандык коргонуу системасын заманбапташтырууда

Казакстан жарандык коргонуу системасын заманбапташтырууда

Казакстандын президентине жарандык коргоо системасын модернизациялоо боюнча Өзгөчө кырдаалдар министри Чингис Аринов маалымат берди. Акыркы эки жылда ӨКМ бөлүмдөрү болжол менен бир жарым миң бирдик техника алышкан. Мындан тышкары, авиация жаңыртылып, заманбап куткаруу комплекстери, учкучсуз учактар жана байланыш каражаттары келип жатат. Бул өзгөчө кырдаалдарга жооп берүүнүн ыкчамдыгын жогорулатты. Ошол эле учурда куткаруучу бөлүктөрдүн тармагы кеңейтилип, жаңы универсалдуу бөлүктөр, авиациялык жана деңиз отряддары түзүлүүдө. «Айыл куткаруучулары» программасынын алкагында аймактарда 237 ыктыярдуу өрт өчүрүүчү пост курулду. Калкты чукул эскертүү системасын өнүктүрүү уланууда. ӨКМдин кырдаалдык борборунун мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилип, жаратылыш өрттөрүн эрте аныктоо технологиялары киргизилүүдө.

Чингис Аринов,  Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар министри:

– Президент жарандык коргоо тутумун өркүндөтүү боюнча министрлик жүргүзүп жаткан ишин оң баалады. Райондук жана айылдык куткаруу бөлүктөрүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо, заманбап технологияларды киргизүүнү тапшырды. Өрт коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу боюнча жергиликтүү аткаруу бийлик органдары менен биргеликте ишти улантууну милдеттендирди.

Которгон: Назира Бегалиева