Казакстан жана Өзбекстан Президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан жана Өзбекстан Президенттери телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстан менен Өзбекстандын президенттери телефон аркылуу сүйлөшүштү. Касым-Жомарт Токаев Шавкат Мирзиёевди туулган күнү менен куттуктап, анын жооптуу ишине мындан ары да ийгиликтерди каалады. Мамлекет башчысы Өзбекстандын социалдык-экономикалык өнүгүүдөгү жетишкендиктерин белгилеп, эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты чыңдоого Шавкат Мирзиёевдин кошкон жеке салымын жогору баалады. Лидерлер соода-экономикалык, транспорт-логистикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү кызматташтыктын келечегин талкуулап, аймактык жана эл аралык актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашышты, ошондой эле алдыдагы жолугушуулардын графигин макулдашышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков