Казакстан — технологиялык бизнес үчүн жаңы тартылуу борборуна айланууда

Казакстан — технологиялык бизнес үчүн жаңы тартылуу борборуна айланууда

Астана Дубай же Сингапур сыяктуу технология жана инновация боюнча дүйнөлүк борборлордун бири боло алат. Казакстандын борборунун мындай дараметин ишкер жана венчурдук инвестор Баладжи Шринивасан Network State эл аралык конференциясында белгиледи. Форум дүйнөлүк IT-индустриясынын белгилүү өкүлдөрүн, ири технологиялык компаниялардын негиздөөчүлөрүн жана алдыңкы бизнесмендердин башын бириктирди. Ишкердин айтымында, өлкөбүздө мунун баары бар - кеңири аймактар, энергетикалык ресурстар жана масштабдуу курулуш үчүн мүмкүнчүлүктөр. Бул чет элдик капиталды, технологиялык компанияларды жана квалификациялуу адистерди тартууга мүмкүнчүлүк берет. Инвестор келечектүү багыттардан жасалма интеллект, санариптик активдер жана стартаптарды бөлүп көрсөттү. Мында жеке технологиялык компанияларды өнүктүрүү гана эмес, инновациялык бизнес үчүн бүтүндөй шаарларды түзүү да мүмкүн.

Баладжи Шринивасан, ишкер, венчурдук инвестор жана  The Network State китебинин автору:

– Сан-Францискодо стартап-инкубатор түзсө болот, ал эми Казакстанда – бүтүндөй стартап-шаар. Биз башка өлкөлөрдүн өкмөттөрү менен да кызматташабыз, дагы бир катар өлкөлөр кезек күтүп турат. Негизинен, биздин максатыбыз – Астананы дүйнө жүзүндөгү адистерди өзүнө тарта турган глобалдык технология борборуна айлантуу. Бул жерде криптоактивдерди чыгарууга болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков