Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнө 35 жыл толгондугуна байланыштуу Президент Садыр Жапаровго куттуктоо телеграммасын жөнөттү. «Бул жылдар аралыгында Кыргызстан мамлекет катары түптөлүп, туруктуу өнүгүүгө чейинки жолду аброю менен басып өттү. Эл аралык аренада беделдүү өлкөгө айланды», - деп жазылган куттуктоодо. Ошондой эле телеграммада эки өлкөнү кылымдардан бери тамырлашкан достукка жана таттуу коңшулукка негизделген бир туугандык мамилелер байланыштары белгиленген. Касым-Жомарт Токаев стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык эки элдин бакубатчылыгы үчүн жигердүү бекемделе берерине ишенимин билдирди.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

