Жалпы
тил, маданият, тарыхый мурас жана салттар – мунун баары түрк дүйнөсүнүн
өлкөлөрүн бириктирип, кеңири кызматташтыктын негизин түздү. Глобалдык
чакырыктар, активдүү санариптештирүү жана башка өзгөрүүлөр шартында өз ара
аракеттенүүнү кантип андан ары өнүктүрүү керектиги Астанада өткөн «Түрк
дүйнөсүнүн диалогдору: жалпы келечек, бирдиктүү көз караш» панелдик сессиясында
талкууланды. Ага Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн
дипломатиялык миссияларынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү,
аналитикалык борборлордун серепчилери,
түрколог-окумуштуулар катышты. ТМУнун
13-саммити тогуздун айынын аягында
Анкарада өтөт. Серепчилер
интеграциянын конкреттүү багыттарын ортоңку
коридордун транзиттик мүмкүнчүлүктөрүнөн баштап, экономиканы санариптештирүү,
энергетикалык жана соода тармактарына чейин талкуулашты. Катышуучулар жогорку
билим берүү жана академиялык алмашуу маселелерине
да токтолушту.
Мустафа
Капуджу, Түркиянын Казакстандагы атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси:
– Түркияда
азыр 13 миңден ашуун казакстандык студент билим алууда. Казакстанда да түрк
студенттери окушат. Билим берүү жана академиялык алмашуулар чоң мааниге ээ. Кийинки
кадам – окумуштуулардын кызматташтыгын күчөтүү. Биз казакстандык жана түрк
окумуштуулары үчүн жеткиликтүү болгон жалпы илимий изилдөөлөр индексин
түзүшүбүз керек. Ошондо эки өлкөнүн изилдөөчүлөрү бири-биринин эмгектери менен
эркин таанышып, биргелешкен изилдөөлөрдү өнүктүрө алышат.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

