Казакстандын Президенти Коопсуздук кеңешинин администрациясы менен жолугушуу өткөрдү – бул анын көз карандысыз мамлекеттик орган катары түзүлгөндөн берки биринчи жолугушуусу. Касым-Жомарт Токаев тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө Коопсуздук кеңеши негизги маселелер боюнча так чечимдерди кабыл алуу борборуна айланышы керектигин баса белгиледи. Жолугушууда киберкоопсуздук жана жасалма интеллектти колдонуу маселелери талкууланды. Коопсуздук кеңешинин төрагасы ошондой эле азык-түлүк, суу жана энергетикалык коопсуздук маселелерине көңүл буруп, бул багыттардагы артыкчылыктарды белгиледи. Касым-Жомарт Токаев «Мыйзам жана тартип» принцибин негизги багыт катары баса белгиледи.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

