Президент Өкмөткө экономикалык өсүштү сактап, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууну тапшырды. Касым-Жомарт Токаев Премьер-министр Олжас Бектеновду кабыл алып, алдыдагы мезгилдеги артыкчылыктуу милдеттерин аныктады. Мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, бардык мамлекеттик органдардын ишин координациялоо жана тапшырмалардын аткарылышын күчөтүү зарыл. Ошондой эле Мамлекет башчысы Өкмөттүн ишинде конкреттүү натыйжага артыкчылык берүү керектигин айтты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

