Жасалма интеллект Казакстандын өнөр жайын модернизациялоонун негизги куралдарынын бири болушу керек. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаев Жасалма интеллектти өнүктүрүү боюнча кеңештин үчүнчү жыйынында билдирди. Бүгүнкү күндө өлкөнүн өнөр жай сектору өсүштү көрсөтүүдө. Ушул жылдын сегиз айында эле тармактагы өндүрүш көлөмү 46 триллион теңгеге жетип, кайра иштетүүчү өнөр жай дээрлик 8,5% өстү. Мамлекет башчысы бул темпти сактоо зарылчылыгын баса белгиледи. Бул үчүн эмгек өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, базаны трансформациялоо жана жогорку кошумча нарктуу өнүмдөрдү чыгарууну көбөйтүү керек. Президент ишканаларда жасалма интеллектти системалуу түрдө киргизүүгө, чекиттик санариптештирүүдөн өтүүнү тапшырды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Ишканалар бардык өндүрүш чынжырын кайра карап чыгып, кайсы жерде жасалма интеллект эффективдүүлүктү эң жогорку деңгээлде жогорулатууну камсыздай аларын аныкташы керек. Негизги критерий реалдуу натыйжалар болушу керек. Өкмөт «Самрук-Казына» менен биргеликте, жасалма интеллекттин негизинде негизги бизнес-процесстери комплекстүү трансформациядан өтө турган ишканаларды аныкташы керек. Жаңы технологиялар өндүрүштү башкаруу системаларына түздөн-түз интеграцияланышы зарыл. Эң ийгиликтүү моделдер өлкө боюнча масштабдалышы керек.
Президент илимди өндүрүш менен тыгыз байланыштырууну да тапшырды. Qazaq AI Research University адистерди даярдоочу жана колдонулуучу изилдөөлөрдү жүргүзүүчү борбор болушу керек. Касым-Жомарт Токаев айткан кийинки кадам – даяр ЖИ чечимдерин киргизүүнү тездетүү. Өкмөткө ишканада милдетти коюудан баштап, технологияны сыноодон өткөрүп, өндүрүшкө киргизүүгө чейин бирдиктүү механизмди түзүү тапшырылды. Өнөр жайлык маалыматтарга өзгөчө көңүл бурулду. Тараптарга бирдиктүү сапат стандарттары жана иштеп чыгуучулар үчүн коопсуз жеткиликтүүлүгү бар базалар түзүү пландалууда. Мамлекет башчысы мындай маалымат ата мекендик технологиялык чечимдерди иштеп чыгууда жардам берет деп эсептейт. Кеңештин кийинки жыйынын Касым-Жомарт Токаев транспорт-логистика тармагына ЖИ киргизүүгө арноону сунуштады.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

