Казакстан менен Түштүк Корея товар жүгүртүүнү эки эсеге өстүрүүнү көздөйт

Казакстан менен Түштүк Корея товар жүгүртүүнү эки эсеге өстүрүүнү көздөйт

Эки тараптуу сооданы эки эсеге көбөйтүү жана экспорттолгон жогорку кошумча нарктагы товарлардын тизмесин кеңейтүү. Казакстандын Президенти Корея Республикасынын Премьер-министри Хан Сон Сук менен жолугушууда эки тараптуу кызматташууну андан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулады. Касым-Жомарт Токаев бул максаттарга жетүү үчүн эки өлкөнүн ортосундагы 2027-2030-жылдарга карата соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын комплекстүү программасын иштеп чыгуу зарылдыгын баса белгиледи. Андан тышкары, Мамлекет башчысы локалдаштыруу жана үчүнчү рынокторго экспорттоо боюнча эң келечектүү долбоорлорду камтыган Өнөр жай кызматташтык жол картасын иштеп чыгууну сунуштады. Кореянын Премьер-министри өз кезегинде кореялык корпорациялардын Алатау шаарын өнүктүрүүгө катышууга даяр экенин баса белгиледи. Кийинчерээк Касым-Жомарт Токаев жана Хан Сон Сук Казакстанда келечектин шаары үчүн долбоорлорду сунушташты. Ошентип, алар дрондор жана аба таксилери менен шаардык аба мобилдүүлүк системасын ишке ашырууну, изилдөө борборлорун жана K-Smart Town билим берүү инфраструктурасын түзүүнү жана кореялык компанияларынын катышуусу менен жасалма интеллект, санариптик моделдөө технологияларын киргизүүнү пландаштырууда.


Которгон: Илгиз Жамалбеков