Казакстан менен Бельгия маанилүү минералдар тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты

Казакстан менен Бельгия маанилүү минералдар тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты

Казакстан менен Бельгия маанилүү минералдар тармагында өнөктөштүк мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп жатат. Астана жогорку кошумча наркка ээ металлдарды жана материалдарды өндүрүүнү жолго салууга мүмкүндүк берген европалык технологияларды тартууга кызыкдар. Өз ара аракеттенүүнүн келечеги Бельгия Падышасынын жана ханышасынын мамлекеттик сапарына арналган Назарбаев университетиндеги семинарда каралды. Жолугушууга эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, өнөр жай ишканаларынын жана илимий уюмдарынын өкүлдөрү чогулду. Өнөр жай комитетинин төрагасынын орун басары Олжас Алибековдун айтымында, республика Евробиримдикке керектүү 34 маанилүү минералдын 21ин жеткирүү ресурстарына ээ. Айрым металлдар буга чейин Европага экспорттолуп келген. Эми милдет - чийки затты кайра иштетүүнү тереңдетүү жана өлкө ичинде даяр өнүмдөрдү чыгарууну жолго салуу.

Олжас Алибеков, Казакстан Республикасынын Өнөр жай жана курулуш министрлигинин Өнөр жай комитетинин төрагасынын орун басары:

– Бизде чоң дарамет бар, бельгиялык компаниялардын металлургия тармагына кызыгуусу чоң жана буга мүмкүнчүлүктөр кеңири.  Геологиялык чалгындоо иштери да жакшы жүрүп жатат, сейрек кездешүүчү металлдарды кайра иштетүү боюнча жакшы компетенция бар. Бүгүн MolyMet компаниясынын өкүлдөрү, бельгиялык кеңсесинен да келишти, HydroMetal келди, аларда дал ушундай тажрыйба бар, ал эми MolyMet – бул, мисалы, металлдык ренийди өндүрүү, алуу болуп саналар. Башкача айтканда, технологиялар бар, билим бар, бирок биздин негизги максатыбыз, албетте, биринчи кезекте Казакстанда технологияларды ташуу жана орто өнүмдөрдү өндүрүү болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков