Казакстан мектептерге жасалма интеллектти киргизүүдө

Казакстан мектептерге жасалма интеллектти киргизүүдө

Казакстандын өкмөтү Ли Кай-Фунун сунуштарына жана алдыңкы эл аралык тажрыйбага таянып, орто билим берүү системасына жасалма интеллектти киргизүү долбоорун ишке ашырууга киришти. Президент Касым-Жомарт Токаев аны ишке ашыруу жүрүшүн Sinovation Ventures жана 01.ai компанияларынын башкы мүдүрлөрү менен талкуулады. Ли Кай-Фу чакан мектептерге жасалма интеллектти киргизүү долбоорлорунун негизги параметрлери боюнча билдирди. Пилоттук долбоор биринчи этапта быйыл ояк оона айынан баштап, 10 мектепте ишке ашырылат. 2027-жылдын үчтүн айынан баштап аны 60 мектепке, ал эми чын куран айында 500 мектепке киргизүү пландалууда. Мамлекет башчысы долбоорду ишке ашырууда анын масштабын кенейтүү жана билим сапатын жогорулатуучу так натыйжага жетүү маанилүү экенине токтолду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков