Казакстан КМШны 2035-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууну сунуштады

Казакстан КМШны 2035-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууну сунуштады

Казакстандын президенти КМШны 2035-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууну сунуштады. Мындай демилгени Касым-Жомарт Токаев Түркмөнстанда өткөн КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында билдирди. Бул орто мөөнөттүү келечек. Мамлекет башчынын айтымында экономикалык интеграцияны тереңдетүү, өндүрүштүк жана технологиялык өнөктөштүктү өркүндөтүү өзгөчө мааниге ээ. Ошол эле учурда Казакстан адаттагыдай эле КМШ өлкөлөрүнүн рынокторуна артыкчылык берип жатканын белгиледи. Мисалы, өткөн жылы өлкөнүн Уюмга мүчө мамлекеттер менен соода жүгүртүүсү дээрлик 40 миллиард долларды түзсө, быйылкы жылдын жети айында 10%га өскөн.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Биргелешкен өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү боюнча да зор тажрыйба топтолгон. Мисалы, Орусия Федерациясынын катышуусу менен ишке ашырылган казакстандык өнөр жай долбоорлорунун портфелинде жалпы суммасы 61 миллиард долларды түзгөн 178 долбоор жана демилге бар, анын 124ү ишке ашырылган. Өзбекстан менен 2 миллиард долларга жакын 80 долбоор боюнча иштер жүрүп жатат. Белорусь менен биргелешип атайын жана айыл чарба унааларын чыгаруу ишке киргизилди.

Касым-Жомарт Токаев ошондой эле кызмат көрсөтүү рыногун кеңейтүү жана инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды түзүү зарылдыгын белгиледи. Буга байланыштуу президент жакынкы үч жылга КМШ өлкөлөрүнүн мыкты өнөр жай жана технологиялык долбоорлорунун тизмесин түзүүнү сунуштады. Кызматташтыкты кеңейтүүнүн дагы бир келечектүү багыты катары транспорттук коммуникацияларды өнүктүрүү жана транзиттик дараметти чыңдоо аталды. КМШга мүчө мамлекеттердин аймагы аркылуу өтүүчү негизги транспорттук каттамдарды бириктирүү концепциясы ушул максатка кызмат кылат. Бул документ быйылкы жылдын бугу  айында өлкөнүн демилгеси менен кабыл алынган.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Казакстан бул концепцияны ишке ашырууга реалдуу салым кошууда. Баш оона айында жалпы узундугу 1,5 миң чакырымдан ашык Арал-Каспий автомагистралынын курулушу башталды. Бул стратегиялык долбоор ишке киргенде Кытайдан Европага баруучу унаа жолу миң чакырымдай кыскарып, транзиттик жүктөрдү жеткирүү мөөнөтү үч күнгө чейин азаят. Башка ири долбоорлор боюнча иштер уланууда.

Президент ошондой эле санариптештирүү жана жасалма интеллекттин чөйрөсүн кеңейтүүгө көңүл бурду. Ал бул жаатта тажрыйба алмашуунун туруктуу механизмин түзүүнү жана келерки жылы Астанада AI адистеринин КМШ өлкөлөрүнүн атайын форумун өткөрүүнү сунуштады. Мамлекет башчысы ошондой эле «КМШ китепканасынын алтын фондун» түзүү демилгесин көтөрдү. Аны Астанадагы президенттик китепканага жайгаштыруу пландалууда, анын курулушу келерки жылдын орто ченинде бүтөт. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев Уюмдун ролун күчөтүү үчүн «КМШ плюс» саммитин уюштурууну сунуштады. Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы акыркы 35 жылдын ичинде Шериктештик мамлекеттер менен элдердин ортосунун ажырагыс бөлүгү болуп калганын белгиледи. Ал ошондой эле келерки жылы КМШга төрагалык кыла турган Өзбекстанга ийгиликтерди каалады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков