2029-жылга чейин Казакстандын энергетикалык жана коммуналдык инфраструктурасын масштабдуу модернизациялоого 13 триллион теңге багытталат. Бул тууралуу Өкмөттүн жыйынында улуттук экономика вице-министри Асан Дарбаев билдирди. Долбоор беш жылга эсептелген. Бул убакыт аралыгында өлкөдө 80 миң чакырымдан ашык инженердик тармак жаңыланып, 30га жакын энергетикалык объект курулат жана жаңы генерациялык кубаттуулуктар ишке киргизилет. Бул чаралар калкты камсыз кылуучу системалардын ишенимдүүлүгүн жогорулатып, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана заманбап коммуналдык инфраструктураны түзүүгө мүмкүндүк берет.
Асан
Дарбаев, Казакстан Республикасынын Улуттук экономика вице-министри:
– Улуттук долбоорду ишке ашырууга жеке жана чет элдик капитал тартылган. 2026-жылга жактырылган карыз каражаттарынын жалпы көлөмү 625 миллиард теңгени түзөт, анын ичинде 6 алдыңкы эл аралык каржы институту каралган. Бул чаралар «узак мөөнөттүү жана төмөн нарктуу» каржы ресурстарын тартууга мүмкүндүк берет.
Быйыл өлкөдө улуттук долбоордун алкагында жылуулук, суу жана электр менен камсыздоо тармактарынын 12 миң чакырымын жаңылоо пландалууда. Бул иштерге 1 триллион теңгеден ашык каражат бөлүнгөн. Жалпысынан, 2029-жылга чейин мамлекет 77,5 миң чакырымдан ашык электр тармактарын жана 1,5 миң чакырымдан ашык жылуулук тармактарын модернизациялоону көздөөдө. Өкмөттүн жыйынында Премьер-министр Олжас Бектенов улуттук долбоордун өз убагында ишке ашырылышын камсыз кылууну тапшырды.
Олжас Бектенов, Казакстан
Республикасынын Премьер-министри:
– Улуттук долбоорду ишке ашыруу маселеси Мамлекет башчысынын түздөн-түз көзөмөлүндө. Зарыл болгон ченемдик-укуктук база толугу менен кабыл алынып, инвестициялык долбоорлорду каржылоо механизмдери аныкталды. Аймактарда масштабдуу оңдоо иштери башталды. Белгиленген максаттуу көрсөткүчтөргө өз убагында жетишүү үчүн инфраструктураны жаңыртуу иштеринин темпин сактоо менен гана чектелбестен, аны мындан ары дагы күчөтүү зарыл.
Которгон:
Назира Бегалиева

