Казакстан Элдик Кеңешинин алдында жаштар кыймылы түзүлөт

Казакстан Элдик Кеңешинин алдында жаштар кыймылы түзүлөт

Жаштар Казакстан Элдик Кеңешинин алдында иштөө үчүн өзүнүн аянтчасына ээ болушат. Жаңы кыймыл өлкөнүн бардык аймактарынан келген 130 өкүлдү бириктирет. Алар түздөн-түз идеяларды сунуштап, коомдук долбоорлорго катыша алышат. Бул демилгени Петропавловск шаарындагы жолугушуулардын жүрүшүндө Элдик Кеңештин төрагасы Ерлан Кошанов колдоду. Кызматташуунун негизги принциби – өз ара насаатчылык. Жаштар өз чечимдерин сунушташат, ал эми Кеңеш аларды ишке ашырууга жардам берет. Эң мыкты демилгелер мыйзамдык сунуштар түрүндө уландысын табышы мүмкүн. Жолугушууда ошондой эле президенттик реформалар жана мамлекет башчысынын Кайрылуусун ишке ашырууга жаштардын катышуусу талкууланды. Жаңы кыймылдын артыкчылыктуу багыттарынын катарына жумушка орноштуруу, санариптик көндүмдөр, ыктыярчылык жана социалдык долбоорлор кирет.

Ерлан Кошанов, Казакстан Элдик Кеңешинин төрагасы:

– Президент дайыма окуган гана улут чыныгы интеллектуалдуу боло аларын баса белгилейт. Касым-Жомарт Токаевдин өзү да бул маданиятты карманып, бир нече тилди билгени, тарыхка, адабиятка, дүйнөлүк саясатка кызыкканы, дайыма дүйнө таанымын кеңейтип, өзүн-өзү өнүктүрүүгө умтулганы маанилүү. Мындай үлгү чыныгы лидер өлкөнүн өнүгүү стратегиясын аныктап гана тим болбостон, билимге болгон мамилеси менен коомду шыктандырарын көрсөтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков