Казакстан дүйнөдөгү таасирдүү мамлекеттердин рейтингинде 34-орунду ээледи

Казакстан дүйнөдөгү таасирдүү мамлекеттердин рейтингинде 34-орунду ээледи

Казакстан дүйнөлүк таасир рейтингинде 100 мамлекеттин ичинен 34-орунду ээледи. Мындай маалымат менен World Population Review эл аралык платформасы бөлүштү. Баалоодо өлкөнүн экономикалык масштабы, саясий таасири, эл аралык байланыштары жана аскердик дарамети эске алынган. Ошентип, республиканын экономикалык масштабы гана эмес, дүйнөлүк аренадагы кабыл алынган салмагы да бааланат. Бул көрсөткүчтөр боюнча Казакстан Европа, Жакынкы Чыгыш жана Азиянын бир катар өлкөлөрүн артка калтырып, Борбор Азиядагы эң таасирдүү өлкө, КМШда экинчи орунду ээлеп,  рейтингде жогоруда Орусия гана болду. Ал эми дүйнөлүк он лидердин катарына бир нече ири экономикалар жана дүйнөнүн саясий борборлору кирди. Алдыңкы беш орунду Кытай, АКШ, Индия, Германия жана Жапония ээледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков