Казакстан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын жогорку деңгээлдеги жумалыгында улуттук жана аймактык демилгелерди сунуштайт. Бул иш-чара аяк оона айынын 22-28 чейинки күндөрү Нью-Йоркто өтөт. Өлкөнүн делегациясын тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди жетектейт. Жалпы талкууларда ал Казакстандын тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо, ядролук куралсыздандыруу сыяктуу негизги эл аралык маселелер боюнча позициясын билдирет. Борбордук Азиядагы жана Ооганстандагы туруктуулук, суу жана экологиялык коопсуздук, климаттын өзгөрүшү, адам укуктарын коргоо, Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетүү жана БУУну реформалоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулат. Актуалдуу темалардын катарында жаңы технологиялар – жасалма интеллектти жөнгө салуу жана анын жоопкерчиликтүү өнүгүүсү да бар.
Жанболат Усенов, ТИМдин расмий өкүлү:
– Казакстан үчүн жогорку деңгээлдеги жумалык улуттук жана аймактык демилгелерди илгерилетүү, эки тараптуу байланыштарды бекемдөө, глобалдык жана аймактык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча биргелешкен чечимдерди иштеп чыгуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Сапардын программасында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолугушуу, ошондой эле БУУга мүчө мамлекеттердин тышкы саясат мекемелеринин башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери жана чет элдик бизнес өкүлдөрү менен бир катар эки тараптуу жолугушуулар каралган.
Индонезия казакстандыктар үчүн визасыз режим киргизди

Тышкы иштер министрлиги бир нече өлкөдө казакстандыктар үчүн кирүү жана болуунун жаңы шарттары тууралуу да айтып берди. Ошентип, Индонезия жарандар үчүн 30 күнгө визасыз режим киргизди. Таиланд, тескерисинче, мөөнөттү 60 күндөн бир айга чейин кыскартты. Аяк оона айынан баштап Грузияда да жаңыланган талаптар күчүнө кирди. Алар мыйзамда каралган уруксаты жок иштеген чет элдиктерге тиешелүү. Ошол эле учурда, казакстандыктар үчүн визасыз режим 365 күнгө сакталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

