Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча конвенциянын катчылыгынын регионалдык кеңсесин Алматыда жайгаштыруу. Казакстандын президенти мындай сунушту Армениянын борбору Ереванда өткөн Биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо боюнча COP17 лидерлер саммитинде айтты. Кеңсе Борбор Азия өлкөлөрүнө Куньмин-Монреалдык биологиялык ар түрдүүлүк боюнча глобалдык алкак программасын ишке ашырууда колдоо көрсөтүп, ошондой эле илимий алмашууга жана биргелешкен жаратылышты коргоо долбоорлорун баштоого көмөктөшө алат. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев Астанадагы Эл аралык жасалма интеллект борборун биологиялык ар түрдүүлүк боюнча маалыматтарды талдоо, эрте эскертүү системаларын иштеп чыгуу жана адистерди даярдоо үчүн аянтча катары пайдаланууну сунуштады. Мамлекет башчысы жалпы жаратылыш мурасын сактоо ишинде эл аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн дагы бир жолу баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле өлкөнүн бул багыттагы ийгиликтери менен бөлүштү.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Өлкөбүздүн тарыхында биринчи жолу жогорку экологиялык маданиятты калыптандыруу Баш мыйзамда мамлекетибиздин негизги принциптеринин бири катары бекитилди. Эми жарандар жаратылышты сактоого жана анын ресурстарын сарамжалдуу пайдаланууга милдеттүү. Мындан тышкары, адамдын жашоосу жана саламаттыгы үчүн жагымдуу айлана-чөйрөнү коргоо мамлекеттин максаттарынын бири катары аныкталды. Биз жаратылыш мурасыбызды сактоо экономикалык өнүгүү менен синергияда ишке ашырылышы керек деп ишенебиз.
Мындан тышкары, «Таза Казакстан» экологиялык акциясы жалпы улуттук идеологияга айланууда. Мамлекет башчысы Казакстандын бөкөндөрдүн жана ак илбирстин популяциясын калыбына келтирүүдөгү ийгиликтери тууралуу да айтып берди. Өлкөдө биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча Улуттук программа да кабыл алынган. Ал атайын корголуучу жаратылыш аймактарынын тармагын кеңейтүүнү карайт. Казакстанда биоартүрдүүлүктүн Улуттук генетикалык банкы да түзүлүүдө. Ал эми Каспий боюндагы мамлекеттердин колдоосу менен өлкө Каспий суу ресурстарын сактоо боюнча Мамлекеттер аралык программаны кабыл алуу демилгесин көтөрүүдө. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев чет элдик өнөктөштөрдү сейрек кездешүүчү түрлөрдү коргоо жана биоартүрдүүлүктү сактоо боюнча Эл аралык фондду түзүү демилгесине кошулууга чакырды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Өткөн жылы Казакстан Бириккен Улуттар Уюмунун системасында Эл аралык суу уюмун түзүү демилгесин көтөргөн. Биз бул демилге Борбор Азия өлкөлөрүн бириктирип, ошол эле учурда бардык кызыкдар мамлекеттердин катышуусуна ачык боло алат деп эсептейбиз. Биздин максат – суу коопсуздугун бекемдөө жана дарыялардын, көлдөрдүн жана саздуу жерлердин абалына көз каранды болгон экосистемалардын жыргалчылыгын коргоо болуп саналат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

