Казакстандын Президенти Бельгиялыктардын Падышасы жана ханышасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Казакстандын Президенти Бельгиялыктардын Падышасы жана ханышасы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Казакстан менен Бельгиянын ортосундагы эки тараптуу өнөктөштүктүн жаңы башаты. Акордада Бельгиялыктардын Падышасы Филипп менен Ханышасы Матильданы расмий тосуп алуу аземи өттү. Бул Бельгия монархтарынын өлкөгө биринчи мамлекеттик сапары. Ардактуу коноктордун урматына Акорданын алдында Абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учактары Казакстан менен Бельгиянын мамлекеттик желектери менен учуп өтүштү. Аземдин жүрүшүндө Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев жана Падыша Филипп расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты. Ардактуу кароолдун башчысы куттуктоо рапортун берип, ал эми президенттик оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин ойноду.

Дипломатиялык мамилелер орнотулгандан берки дээрлик 35 жыл ичинде Астана менен Брюссель достукка жана өз ара урматтоого негизделген тыгыз байланыштарды түзүштү. Андан тышкары, Касым-Жомарт Токаев бул кызматташтыктын негизинде үзгүлтүксүз саясий диалог турганын белгиледи. Мамлекет башчысы беш жыл мурун падышачылыкка болгон сапары учурунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдү жылуу сезим менен эскерди. Анын ушул жылдын кулжа айында Брюсселге болгон сапары жана премьер-министр Барт де Вевер менен жолугушуусу өнөктөштүктү андан ары кеңейтүүгө болгон милдеттенмелерин тастыктады.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Сизди Астанага кош келиңиздер деп айтуу мен үчүн чоң сыймык. Бул биздин коомдо чоң кызыгууну жараткан тарыхый сапар. Казакстанга келген өкүлчүлүктүү делегациянын курамында өкмөттүн жана аймактык бийлик органдарынын, бизнес чөйрөлөрүнүн, академиялык коомчулуктун жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрү болгонуна чын жүрөктөн ыраазымын. Мураскер ханзаада катары сиз Казакстанда үч жолу болгонсуз. Биз сиздин өлкөбүз менен мамилелерди өнүктүрүүгө болгон берилгендигиңизди жогору баалайбыз жана ар дайым сиздин колдооңузду сезип келебиз.

Өз кезегинде, Падыша Филипп жана Ханыша Матильда өлкөнүн социалдык-экономикалык ийгиликтерин жана Казакстандын эл аралык аренадагы кадыр-баркынын жогорулаганын өзгөчө белгилешти.

Филипп, Бельгия Падышасы:

– Казакстан биз үчүн абдан маанилүү өлкө, ал тездик менен өнүгүп жатат. Бүтүндөй Борбордук Азия аймагы да чоң мааниге ээ. Биз, Бельгияда, сиздин аймакка абдан кызыгабыз жана бул жерге өкүлчүлүктүү делегация менен келдик. Албетте, биз бири-бирибизди жакшы билебиз. Биздин өлкөлөр 35 жылдан бери эң сонун мамилелерди сактап келишет жана биз бул маанилүү мааракени белгилөөнү көздөп жатабыз. Ошол эле учурда, биз өз ара кызматташуубузду сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрө аларыбызга ишенебиз.

Кеңейтилген сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Касым-Жомарт Токаев Казакстан Бельгияны Европадагы убакыт сынагынан өткөн жана ишенимдүү өнөктөш катары көрөрүн баса белгиледи. Ошондой эле, өлкө ата мекендик экономиканын эң ири 10 инвесторунун катарына кирет, бул Казакстандын келечегине болгон ишенимди ачык көрсөтүп турат, деп баса белгиледи мамлекет башчысы. Ошол эле учурда, тараптар өлкөлөрдүн ортосундагы транспорт жана логистика, маанилүү минералдар, кайра жанма энергия, айыл чарба жана жасалма интеллект тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн көрүп жатышат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Сиздерди коштоп келген мамлекеттик органдардын, аймактык бийлик органдарынын жана бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүн, белгилүү окумуштууларды жана маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн өзгөчө кубаныч менен тосуп алам. Эртеңки Казакстан-Бельгия Ишкер Кеңешинин төртүнчү жыйынын чыдамсыздык менен күтөм. Бул демилгенин келечектүү мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу жана туруктуу практикалык натыйжаларга жетүү үчүн натыйжалуу платформага айланып баратканын көрүү кубандырат. Ошондой эле, биз Бельгия менен Европа Биримдигинин алкагында жана көп тараптуу форумдарда өз ара аракеттенүүбүздү жогору баалайбыз.

Бельгиянын падышасы менен ханышанын сапарынын алкагында ректорлордун форуму жана маанилүү минералдар боюнча тегерек үстөл талкуусу өтөт, анда ондогон келишимдерге кол коюлушу күтүлүүдө. Монархтардын сапарынын программасына Астана жана Алматы шаарлары да кирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков