Казакстан аркылуу жүк ташуунун жалпы көлөмү 24% өстү

Казакстан аркылуу жүк ташуунун жалпы көлөмү 24% өстү

Казакстан транзиттик дараметин бекемдеп жатат. Жылдын биринчи жарым жылында өлкө аймагы аркылуу ташылган жүктөрдүн жалпы көлөмү дээрлик бир канча өсүп, 22 миллион тоннага жакындады. Транспорттук инфраструктураны модернизациялоо жана эл аралык каттамдарды өнүктүрүү өсүштү камсыз кылууда. Быйыл өлкөдө рекорддук 11 миң чакырым автожол курулуп, оңдолот. Анын ичинен үч миң чакырымдан ашыгы жаңы жана реконструкцияланган республикалык трассалар, дагы беш миңге жакыны капиталдык, орточо оңдоого камтылат. Акы төлөнүүчү жолдордун тармагы да кеңейүүдө - 6 жаңы тилке ишке киргенден кийин алардын жалпы узундугу 6,5 миң чакырымдан ашат. Бүгүнкү күндө 42 мамлекет менен эл аралык транспорттук байланыш түзүлгөн. Мындан тышкары, казакстандык ташуучулар Кытайдын аймагы аркылуу транзиттик каттамдарды аткаруу укугуна ээ болушту. Темир жол аркылуу ташылган жүктөрдүн көлөмү өсүүдө: жарым жылда 157 миллион тоннадан ашык жүк ташылды. 2029-жылга чейин өлкөдө 11 миң чакырым темир жол модернизацияланат. «Достук - Мойынты» экинчи линиясы ишке киргизилди, «Кызылжар - Мойынты» жана Алматы айланма линиясынын курулушу уланып, жүк ташуучу унаалардын паркы да жаңыланууда. Дагы бир маанилүү кадам — Актау портунда жаңы контейнердик хабдын курулушу аяктады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков