Казакстан 9 спутниктен турган эл аралык топту түзүүнү пландоодо

Казакстан 9 спутниктен турган эл аралык топту түзүүнү пландоодо

Казакстан эл аралык спутниктик топ түзүүнү пландоодо. 2030-жылга чейин тогуз аппаратты ишке киргизүү көздөлүп жатат. Алардын алтоо казакстандык, дагы үчөө Монголия, Конго Республикасы жана Нигерияга тиешелүү болот. Кийинчерээк топтогу спутниктердин саны 14кө жетиши мүмкүн. Жаңы система Жерди алыстан зонддоо үчүн иштелип чыккан. Башкача айтканда, спутниктерден алынган маалыматтар Жердин бетин байкоого, космостон маалымат чогултууга жана аны түрдүү тармактарда колдонууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу вице-премьер-министр – Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиев Астанада өтүп жаткан Space Days Kazakhstan форумунда билдирди.

Жаслан Мадиев, Премьер-министрдин орун басары - жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министри:


– Азыр орбитада казакстандык үч аралыктан зонддоо спутниги иштеп жатат. Инфраструктураны модернизациялоонун алкагында KazSat-3ти KazSat-3R менен алмаштыруу иштери жүрүүдө. Бул улуттук спутниктик байланыш системасынын туруктуу иштешин камсыз кылуу жана аны заманбап технологиялык талаптарга ылайык келтирүү үчүн зарыл. Мындан тышкары Астанада космостук аппараттарды чогултуу жана сыноо комплекси иштейт. Бул жерде спутниктерди чогултуп, негизги сыноолорду жүргүзүүгө, ата мекендик инженердик базаны өнүктүрүүгө, эл аралык долбоорлорго катышууга болот.

Комплекс Астанадагы Улуттук космостук борбордун аймагында жайгашкан. Бул Казакстан менен француз компаниясынын биргелешкен долбоору. Салмагы 100 килограммдан 6 тоннага чейинки спутниктерди, анын ичинде байланыш, Жерди аралыктан зонддоо жана илимий-техникалык максаттагы аппараттарды куруу каралган. Бул комплекс Казакстанда спутник тармагын өнүктүрүүнүн негизги аянтчаларынын бири болуп калды.

Хани Эль Арджа, Eutelsat компаниясынын борбордук азия жана жакынкы чыгыш аймактарындагы сатуу боюнча вице-президенти/Франция/:


– Биз ишканаларды, анын ичинде банктарды жана мамлекеттик мекемелерди жогорку ылдамдыктагы интернет байланышын камсыз кыла турган төмөнкү орбиталык спутниктерге кызыкдарбыз. Казакстан менен өнөктөштүк түздүк. Кызматташтыгыбыздын алкагында биз бул жерде инфраструктураны курууну көздөп турабыз. Учурда жергиликтүү адистерди алып жатабыз. Биз Казакстанды бул жаатта Борбор Азия жана түрк мамлекеттеринин ичинен лидер болуу мүмкүнчүлүгү чоң өлкө катары көрөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков