Казакстан 2029-жылга карата электр энергиясынын профицитине жетүүнү пландоодо

Казакстан 2029-жылга карата электр энергиясынын профицитине жетүүнү пландоодо

2029-жылга карата Казакстан электр энергиясынын туруктуу профицитине чыгышы керек. Мындай милдетти Президент Касым-Жомарт Токаев өзүнүн Кайрылуусунда белгилеген. Бул үчүн электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүү зарыл. Жалпысынан 13 гигаватттан ашык кошумча генерациялоочу кубаттуулукту ишке киргизүү пландалууда. Анын олуттуу бөлүгү көмүр энергетикасынын эсебинен камсыздалат. Улуттук долбоордун алкагында 2030-жылга чейин 8 жаңы электр станциясын куруу жана иштеп жаткан 11 станцияны модернизациялоо каралган.

Асылжан Мусин, Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигинин электр энергетикасын өнүктүрүү департаментинин мүдүрү:

– 2027-жылы долбоорлорду ишке ашыруунун жыйынтыгы менен өзүн-өзү тең салмактаган энергетикалык система камсыз кылынат. Бул биздин өзүбүздүн электр станцияларыбыз Казакстандын энергетикалык системасынын бардык муктаждыгын жабат дегенди билдирет. Көмүр генерациясын өнүктүрүү боюнча улуттук долбоордун алкагында биз 7,8 мегаватт көмүр генерациясын киргизүүнү пландап жатабыз. Анын ичинен 5,3 гигаватты жаңы электр станцияларын курууга багытталат. Бүгүнкү күндө биз кубаттуулугу 2,6 гигаватт болгон Экибастуз ГРЭСИ, Курчатов шаарындагы кубаттуулугу 700 мегаватт болгон жылуулук электр станциясы, ошондой эле Семей, Өскемен жана Көкшетау шаарларындагы үч ЖЭБ сыяктуу долбоорлорду ишке ашыруу боюнча инвесторлорду аныктадык.

Кайрылуунун дагы бир багыты кайра жанма энергия булактарын өнүктүрүүгө арналды. Бүгүнкү күндө Казакстанда 170тен ашык кайра жанма энергия булактары иштеп жатат. Бул сектор жаңы күн жана шамал электр станцияларынын эсебинен кеңейе берет. Келерки жылдын өзүндө эле кошумча 570 мегаватт кубаттуулукту ишке киргизүү пландалууда. Ал эми 2035-жылга чейин алардын жалпы өсүшү 8 гигаватттан ашышы керек. Бул өлкөнүн жалпы энергетикалык балансындагы экологиялык таза энергиянын үлүшүн көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Асылжан Мусин, Казакстан Республикасынын Энергетика министрлигинин электр энергетикасын өнүктүрүү департаментинин мүдүрү:

– 2029-жылга чейин күн генерациясынан түздөн-түз 18 гигаватт кубаттуулукту ишке киргизүү пландалууда. Кайра жанма энергия булактарына келсек, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстанда өндүрүлгөн жалпы электр энергиясынын 7% дал ушул кайра жанма энергия булактарына туура келген. Быйылкы жылдын 9 айынын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 8,5% жетти.

Которгон: Илгиз Жамалебков