Бүгүн
Президент Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн жана коомдук турмуштун өнүгүшүнө чоң
салым кошкон казакстандыктарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Салтанаттуу
азем Акордодо өттү. Сыйланган ардактуулардын арасында маданият, илим,
мамлекеттик кызмат жана айыл чарба тармактарынын белгилүү ишмерлери бар.
Адабиятчы Турсун Журтбай «Барыс» орденинин I даражасы менен, мамлекеттик ишмер
Александр Судьин «Барыс» орденинин II даражасы менен сыйланды. Мындан тышкары,
белгилүү актёр жана театр режиссёру Нурканат Жакыпбайга «Казакстандын Эл
артисти» наамы, айыл чарба тармагынын ардагери Виктор Хильниченкого
«Казакстандын
эмгек сиңирген ишмери» наамы ыйгарылды. Жыйынтыктап жатып, Мамлекет башчысы Казакстан ар тараптуу модернизация
жолуна түшкөндүгүн жана бул процесс мамлекеттик жашоонун бардык тармактарындагы
фундаменталдык өзгөрүүлөрдө чагылдырылып жаткандыгын баса белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- Биз жалпы улуттук референдум өткөрүп, жаңы Конституцияны кабыл алдык. Жарандарыбыз жаңы Баш мыйзам үчүн добуш беришти. Жакында, Казакстандын тарыхында биринчи жолу Курултайга шайлоо өтөт, бул, албетте, өлкөнүн жашоосундагы эң маанилүү окуя болот. Азыр шайлоо өнөктүгү кызуу жүрүп жатат. Партиялар саясий маданияттын жогорку стандарттарын көрсөтүп жатышат. Биз тарых чечүүчү окуялардын босогосунда турабыз. Алдыда абдан жооптуу мезгил күтүп турат. Ишенем, биригип, бардык тажрыйбабызды жана энергиябызды Ата Мекенибиздин жыргалчылыгына жумшай алабыз.
Которгон: Назира Бегалиева

