Казакстандын Президентине мамлекеттин коргоо тармагындагы тапшырмасы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары тааныштырылды. Жогорку аудитордук палата анын корутундусу боюнча аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн Өкмөткө жана тармактык мамлекеттик органдарга 57 конкреттүү сунуштарды жана көрсөтмөлөрдү жөнөттү. Мамлекет башчысына экономикалык өнүгүү жана социалдык тармактын басымдуу багыттарын камтыган пландаштырылган аудитордук текшерүүнүн жүрүшү баяндалды. Мындан сырткары, Астанада өткөн Азия Жогорку Аудит Органдары Уюмунун Башкарма Кеңешинин 63-отурумунун корутундусу боюнча отчет берилди. Жыйынга 19 өлкөнүн өкүлү катышты. Мындай форматтагы иш-чара Казакстанда биринчи жолу өткөрүлдү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

