Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев вице-президент Ерлан Каринди кабыл алды. Жолугушууда жаңы кызматтын мамлекеттик башкаруу системасында өзгөчө мааниге ээ экендиги белгиленип, вице-президентке бир катар конкреттүү милдеттер коюлду. Президент Ерлан Каринге Курултай, Өкмөт жана башка мамлекеттик органдар менен байланышта өз атынан өкүлчүлүк кылууну тапшырды. Ошондой эле мамлекеттик саясаттын негизги маселелери боюнча Президенттин позициясын жеткирүү милдетин жүктөдү.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

