Казакстан улуттук тазалык стандартын иштеп чыгат. Мындай сунушту Касым-Жомарт Токаев көтөрдү. Мамлекет башчысы «Таза Казакстан» улуттук экологиялык өнөктүгүнө катышты. Президент аны сапаттык жактан жаңы деңгээлге көтөрүү керектигин баса белгиледи. Бул уникалдуу долбоор коомдук аң-сезимдин жана улуттук иденттүүлүктүн өзгөрүшүнө өбөлгө түзөт. «Таза Казакстан» казакстандыктарга таптакыр жаңы сапаттарды жана баалуулуктарды сиңирет. Анткени, жакшы каралган сейил бактар жана короолор, коопсуз жана ыңгайлуу шаарлар Казакстандын чет өлкөлөрдөгү жагымдуу имиджин гана жаратпастан, жарандардын патриотизмин, өз өлкөсүнө болгон сыймыгын жана пайдалуу болууга умтулуусун да күчөтөт. Ал эми жашоо сапатын жакшыртуу боюнча иштер улантыла берет, деп баса белгиледи президент.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Ар бир аймакта социалдык жактан маанилүү инфраструктура — мектептер, ооруканалар, маданий жана спорттук жайлар курулуп жатат. Өлкө боюнча он миңдеген чакырым жолдор жана темир жолдор салынды. Бул иштер токтобойт. Казакстан ири курулуш аянтчасына, жаратуу аймагына айланышы керек. Курулуштун жогорку сапатын камсыз кылуу абдан маанилүү. Мен бул маселеге өзгөчө көңүл буруп, аны жеке көзөмөлүмдө кармайм.
Астана өзүнүн гармониялуу дизайн кодексин жана кайталангыс архитектуралык стилин активдүү өнүктүрүп жана калыптандырып жатат. Есил дарыясынын боюнда коомдук мейкиндиктердин бирдиктүү системасы түзүлүүдө. Ошол эле учурда, шаар боюнча сейил бактарды жана спорт аянтчаларын байланыштырган үзгүлтүксүз жашыл жол иштелип чыгууда. Касым-Жомарт Токаев Астананын шаар куруу борборунун тажрыйбасын башка аймактарга тез жайылтууну буйруду. Ал тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн заманбап эл аралык шаар куруу ыкмаларын ийгиликтүү ишке ашырууда.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Биз дүйнөдөгү ыктыярчыларды эң жогорку укуктук деңгээлде – Конституцияда мыйзамдаштырган саналуу өлкөлөрдүн бири болуп калдык. Мен ошондой эле БУУда биздин «Таза Казакстан» жалпы улуттук кампаниясынын негизинде Планетаны жашылдандыруунун эл аралык күнүн белгилөөнү сунуштадым. Бул демилге БУУнун Башкы Ассамблеясынын дээрлик бардык мүчөлөрү тарабынан колдоого алынды. Мына ушулардын бардыгы Казакстан өнүгүүчү тенденциялар менен бирге кадам шилтеп, жер жүзүндөгү бейкут турмуш үчүн жоопкерчиликти көрсөтүп, бул ишке өзүнүн мүмкүнчүлүктөрү менен салым кошуп жаткандыгын айгинелейт.
Президент мамлекеттин социалдык жоопкерчилигине өзгөчө басым жасады. Касым-Жомарт Токаев өлкө акысыз медициналык жардам көрсөтүү боюнча конституциялык милдеттерин толук аткарып жатканын баса белгиледи. Үч жылдык декреттик өргүүдө жүргөн аялдар жөлөкпулдарды жана жумуш менен камсыз кылуу менен колдоо алышат. Ошондой эле балдар - 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар бекер тамактанышат. Мындан тышкары, угуусу начар бардык балдар акысыз угуу аппараттары менен камсыздалат. Мамлекет башчысы өкмөткө Казакстанда алардын өндүрүшүн тез арада түзүү тапшырмасын берди.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

