Казакстанда жылына 300 миң тонна жез өндүрүүчү завод курулат

Казакстанда жылына 300 миң тонна жез өндүрүүчү завод курулат

Казакстанда Актогай жез эритүүчү заводунун курулушу башталды. Ишканада тоо-кен казып алуудан жана кен байытуудан баштап, даяр металл чыгарууга чейинки толук өндүрүштүк цикл каралган. Жылына 300 миң тонна катоддук жезди чыгаруу кубаттуулугу ички рыноктун муктаждыгын толугу менен жабат. Металлургиялык заводдун курулушун теле көпүрө режиминде Президент Касым-Жомарт Токаев баштады. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө өлкөдө 9,5 миңден ашык кен-байлыктар бар. Казакстанда жылына 160 млн тонна кен казылып, болжол менен үч жарым млн тонна жез концентраты өндүрүлөт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Завод ишке киргенден кийин Казакстан жогорку сапаттагы рафинацияланган жезди өндүргөн алдыңкы он дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдүн катарына кошулат. Мындан тышкары, ишкана алтын жана күкүрт кислотасын да чыгарат. Мындай масштабдуу долбоорду ишке ашыруу ата мекендик металлургияны өнүктүрүүгө чоң салым кошот. Жалпысынан, ата мекендик кайра иштетүүчү өнөр жайы олуттуу өсүштү көрсөтүүдө. Өткөн жылы сектордун өнүмдөрүнүн көлөмү 60 миллиард долларга жетти. Акыркы үч жылда өлкөнүн бардык аймактарында 540 индустриалдык долбоор ишке ашырылды.

Долбоорго салынган инвестициянын көлөмү болжол менен 1,8 миллиард долларды түзөт. Аны KAZ Minerals тобу кытай өнөктөшү NFC менен биргеликте ишке ашырууда. Комплекс Казакстанда түзүлгөн өнүмдүн кошумча наркын жогорулатууга багытталган. Биринчи жез катодун алуу 2030-жылга пландаштырылган. Жезден тышкары, заводдо металл түрүндөгү алтын, күмүш жана башка кошумча өнүмдөр чыгарылат. Мамлекет башчысы объектти куруу этабын да, андан ары өндүрүштө да жаңы технологияларды жана жасалма интеллектти колдонууга чакырды.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Курулуш иштеринин жогорку сапатын камсыздоо жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоо - бул негизги артыкчылык. Бул уникалдуу долбоорду ишке ашырууга жигердүү катышып жаткан бардык казакстандык адистерге, ошондой эле биздин кытай өнөктөштөрүбүзгө чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Актогай жез эритүүчү заводу Казакстандын өнөр жай дараметин чыңдоого чоң салым кошот деп ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков