К. Токаев ШКУ саммити алкагында И. Алиев менен жолугушуу өткөрдү

К. Токаев ШКУ саммити алкагында И. Алиев менен жолугушуу өткөрдү

Казакстан менен Азербайжан кызматташтыкты кеңейтүүгө кызыкдар.  Бишкектеги Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында Касым-Жомарт Токаев менен Ильхам Алиев жолугушту. Мамлекет башчылары соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштар, ошондой эле транспорт, логистика, энергетика жана санариптештирүү тармактарындагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Тараптар Казакстандагы кеңири саясий реформалар жана алгачкы бир палаталуу Курултай шайлоосунун жыйынтыгы тууралуу сүйлөшүштү. Касым-Жомарт Токаев жаңы парламент Азербайжандын Милли Межлиси менен активдүү иштешүүгө ниеттенип жатканын айтты. Ильхам Алиев өз кезегинде эки өлкөнүн мамилелеринин союздаштык мүнөзүнө токтолуп, ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө ниеттенип жатканын ырастады. Жолугушуунун соңунда тараптар алдыдагы эл аралык иш-чаралардын графигин талкуулашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков