К. Токаев Омск шаарында Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун элесине таазим этти

К. Токаев Омск шаарында Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун элесине таазим этти

Теке айынын 25де Касым-Жомарт Токаев Президент Владимир Путиндин чакыруусу менен Омск шаарына барып, Казакстан менен Орусиянын Аймактар аралык кызматташтык боюнча 22-форумуна катышты. Сапардын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун элесине таазим этип, Кемел Токаевге арналган мемориалдык тактага гүл койду. Ал такта Омск шаарындагы согуш ардагерлеринин госпиталынын имаратында орнотулган. Бул медициналык мекемеде 1941-жылдын теке айынан тартып 150 миңге жакын жарадар аскер кызматкери дарылануудан өткөн. Алардын арасында Мамлекет башчысынын атасы Кемел Токаев да болгон. Казакстандын Президенти госпиталдын түзүлүү тарыхы жана ишмердүүлүгү менен таанышты.

Которгон: Назира Бегалиева