Лаос президентинин Казакстанга расмий сапары аяктады.
Мамлекет башчысы Касым-Жомарт Токаев жогорку даражалуу конокту Астана эл аралык
аэропортунан жеке өзү узатты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө президенттер ар кандай
тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Тараптар төрт меморандумга кол коюшту. Кийинки жылы өлкөлөр дипломатиялык
мамилелердин орнотулганынын 30 жылдыгын белгилешет жана бул расмий сапар өз ара
пайдалуу кызматташтыкты жандандырууга багытталган.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков

