К. Токаев Коопсуздук кеңешинин ыкчам жыйынын өткөрдү

К. Токаев Коопсуздук кеңешинин ыкчам жыйынын өткөрдү

Өкмөт жана көзөмөлдөөчү органдар жетинин айынын 24нө чейин коррупциялык укук бузууларды кескин кыскартуу жана квазимамлекеттик сектордогу компаниялардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштарды киргизиши керек. Мындай тапшырманы Президент Касым-Жомарт Токаев Астанадагы Коопсуздук кеңешинин ыкчам жыйынында берди. Мамлекет башчысы ар кандай деңгээлдеги жетекчилерге байланыштуу коррупциялык укук бузуулар тууралуу түшкөн бардык маалыматтар Улуттук коопсуздук комитетинин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Башкы прокуратуранын катышуусунда ыкчам жана тыкыр текшерилерин баса белгиледи. Президент ошондой эле жаңы Конституцияда бекитилген «Мыйзам жана тартип» принцибин эске салды. Мыйзам алдында ээлеген кызматына, эмгегине жана байланыштарына карабастан баары бирдей. Касым-Жомарт Токаев өлкөдө мамлекеттик каражаттардын туура сарпталышын атайын Мамлекеттик комиссия камсыз кыларын белгиледи. Анын курамы келерки аптанын башында жарыяланат. Президент бул иштин акыркы максаты – Мыйзам, Адилеттүүлүк жана Тартип конституциялык принциптеринин негизинде жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу экенин баса белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков