Президент Касым-Жомарт Токаев казакстандыктарды Абай күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысы улуу ойчулдун мурасы дүйнөлүк жана казак маданиятынын кенчинде өзгөчө орунду ээлеп, элибиз үчүн адеп-ахлак компасы жана жашоо жол көрсөткүчү бойдон кала берээрин билдирди. Анткени Абай билимге, эмгекчилдикке, жоопкерчиликке умтулууда келечекти көргөн жана биримдикке чакырган. Ал эми анын «Толук адам» – «Жетилген инсан» жана «Насаат сөздөрү» азыркы Казакстандын баалуулуктар тутумун азыктандырат. Президент быйыл өлкө Абай күнүн мамлекеттин масштабдуу трансформациясынын фонунда белгилеп жатканын айтты. Казакстандын Элдик Конституциясы күчүнө кирди, бардык бийлик институттарын жаңыртуу процесси башталды. Ушул айда бир палаталуу Парламент – Курултайга алгачкы шайлоо өтөт. Дал ушул учурда өлкөнүн көп жылдык өнүгүүсүнүн пайдубалы түптөлүп жатат. Ал эми «Адал Азамат», «Таза Казакстан», «Мыйзам жана тартип» концептуалдык идеялары Абай кыялданган гармониялуу коомдун негизин түзөрүн Касым-Жомарт Токаев баса белгиледи.
Которгон: Назира
Бегалиева

