К. Токаев Казакстан менен Орусиянын Аймактар аралык кызматташтык форумуна катышты

К. Токаев Казакстан менен Орусиянын Аймактар аралык кызматташтык форумуна катышты

Аймактардын практикалык өз ара аракеттенүүсү Казакстан менен Орусиянын кызматташтыгын өнүктүрүүгө жаңы дем берет. Бул тууралуу Президент Касым-Жомарт Токаев Омск шаарында өткөн эки өлкөнүн Аймактар аралык кызматташтык боюнча 22-форумунда билдирди. Быйылкы иш-чара логистикалык экосистеманы калыптандыруу маселелерине арналды. Казакстан менен Орусия дүйнөдөгү эң узун үзгүлтүксүз кургактык чек арага ээ. Андыктан экономикалык көрсөткүчтөрдүн жалпы өсүшүн эске алуу менен бул тармак кызматташтыкты кеңейтүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачары түшүнүктүү. Өткөн жылы эки тараптуу товар жүгүртүү 28 миллиард долларга жетти. Ал эми 2026-жылдын алгачкы беш айында өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу товар жүгүртүүнүн көлөмү дагы 10% өстү.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында Орусиядан келген инвестициялардын көлөмү 45% өстү. Тактап айтканда, беш айдын жыйынтыгында инвестициялардын көлөмү 773 миллион долларды түздү. Ал эми Казакстандын Орусиянын экономикасына салган инвестицияларынын жалпы көлөмү 9 миллиард доллардан ашты. Экономикалык күн тартибинде өнөр жай тармагындагы кызматташтык өзгөчө орунду ээлейт. Эки өлкө 52 миллиард доллардан ашык инвестицияны камтыган 177 ири долбоордон турган кеңири портфелди түздү. Алардын 122си буга чейин ишке ашырылган.

Өткөн жылы эки өлкөнүн ортосундагы темир жол аркылуу жүк ташуунун көлөмү 3,5% өсүп, 92 миллион тоннаны түздү. Ал эми акыркы 5 жылда Орусия менен Кытайдын ортосунда Казакстан аркылуу өткөн транзиттик жүк ташуулардын көлөмү  8 эсеге көбөйдү. Автоунаа транспорту менен жүк ташуунун көлөмү болсо быйылкы жылдын үч айында  2 эсеге өстү. Касым-Жомарт Токаев  Казакстанда өткөн жылы жүк ташуунун көлөмү өскөн «Түндүк – Түштүк» коридорун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Мындан тышкары, ал «Батыш Европа – Батыш Кытай» коридорун  маанилүү маршрут катары белгиледи. Анын айтымында, Актобе – Улгайсын жолун реконструкциялоо анын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 2 эсеге жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Иштеп жаткан санариптик платформалардын базасында эң жүктөмдүү багыттардын биринде «Казакстан – Орусия» санариптик транспорттук коридорун пилоттук форматта ишке киргизүү сунушталууда. Эки өлкөнүн транспорттук-логистикалык системаларын натыйжалуу санариптик интеграциялоо жана жаңы технологияларды кеңири колдонуу өз ара сооданын көлөмүн көбөйтүүгө, транзиттик агымдарды арттырууга жана экономикалык байланыштарды комплекстүү чыңдоого мүмкүндүк берет деп ишенем.

Казакстандын Президенти чек арага жакын аймактардын аба каттамдарын өнүктүрүү боюнча биргелешкен программаны иштеп чыгууну да сунуштады. Демилге Астана менен Орусиянын чек арага жакын шаарларынын ортосунда түз авиакаттамдарды ачууну карайт. Мамлекет башчысы ошондой эле «Росатом» жетектеген эл аралык консорциумдун катышуусунда Казакстанда биринчи АЭСти куруу маселесине өзгөчө токтолду. Касым-Жомарт Токаев бул долбоорду эки тараптуу кызматташтыктын стратегиялык мүнөзүн көрсөткөн маанилүү долбоор деп атады. Ошондой эле ал кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарынын катарында космос тармагын да белгиледи.

Мындан тышкары, форумдун алкагында Касым-Жомарт Токаев менен Владимир Путин соода жана логистика тармагындагы санариптик долбоорлор менен таанышты. Тактап айтканда, президенттерге товар жүгүртүүнүн ачыктыгын камсыз кылган товарларды санариптик маркировкалоо системасы, ошондой эле Smart Cargo жана транспорт агымдарын талдоого багытталган AI Jol платформалары тааныштырылды.

Которгон: Назира Бегалиева