Бүгүн
Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиги Казакстандын президенти Касым-Жомарт
Токаевдин эксклюзивдүү жазуу түрүндөгү маектешүүсүнүн толук версиясын
жарыялады. Анда мамлекет башчысы казак-кытай мамилелери, соода, жасалма
интеллект, транспорттук коридорлор жана эл аралык күн тартиби тууралуу кеңири
айтып берген.
Атап
айтканда, президент Казакстандын транспорттук-логистикалык дараметин өнүктүрүү жана аталган тармактагы эки өлкөнүн
кызматташуусунун келечеги тууралуу суроого кеңири жооп берди. Касым-Жомарт
Токаев бул тууралуу биринчи кезекте жүк ташуунун динамикасы айтып турарын баса
белгиледи. Мисалы, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча темир жол аркылуу чек арадагы
жүк ташуунун көлөмү 35 миллион тоннадан ал эми автоунаа
транспорту аркылуу 8 миллион тоннадан ашты, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 40
пайызга жогору. Ошол эле учурда, Казакстан ишке киргизген Арал - Каспий жаңы
магистралынын курулушу өткөрүү жөндөмдүүлүгүн эки эсеге көбөйтүп, өлкө аймагы
аркылуу жеткирүү убактысын беш күндөн үч күнгө чейин кыскартат. Ал эми курулуп
жаткан Аягоз – Тачэн үчүнчү темир жолу 20 миллион тонна кошумча жүк агымын
камсыз кылат. Мындан тышкары, өсүп жаткан көлөмдөрдү тейлөө үчүн Казакстан
менен Кытай тиешелүү инфраструктураны түзө алышты. Буга Ляньюньган шаарындагы
биргелешкен логистикалык терминал, «Хоргос - Чыгыш дарбазасы» кургак порту,
Сиань жана Алматыдагы терминалдар, Актаудагы контейнердик хаб, жакында Казакстандын Башкы консулдугу ачыла турган
Чэндудагы жүк терминалы кирет.
Касым-Жомарт
Токаев, Казакстан
Республикасынын Президенти:
– Чынында, биз Кытайдын өндүрүш
борборлорун Казакстан аркылуу Каспий аймагына, андан ары Европа базарларына
туташтырган бирдиктүү тармакты түзүп жатабыз. Ошентип, Казакстан Евразиянын
транспорттук-логистикалык хабы макамын алууну көздөйт, мында жүктөрдү ташуу менен
катар логистика, кайра иштетүү, өндүрүш, электрондук соода жана заманбап
кызматтар өнүгөт. Башкача айтканда, биз транзиттик экономикадан транспорттук өз
ара байланыш экономикасына өтүшүбүз керек. Акыр-аягы, максат – биздин уникалдуу
географиялык абалыбыз жалпы өнүгүүгө,
аймактардын өнүгүшүнө жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга өбөлгө
түзүшү керек.
Ошондой эле, бул Казакстан менен
Кытайдын кызматташтыгынын багыттарынын бири. Мамлекеттер металлургияны, жашыл
энергетиканы, санариптештирүүнү
жигердүү өнүктүрүп жатышат. Бир гана өндүрүштүк кооперация 62 миллиард доллардан ашык
инвестициясы бар 260 долбоорду камтыйт. Дагы бир дараметтүү өсүү чекити, Касым-Жомарт Токаев интервьюсунда
белгилегендей, бул өндүрүш,
медицина, транспорт, шаардык башкарууда жасалма интеллектти колдонуу. Ошол эле
учурда, Казакстан - Кытай инвестициялык форуму, Президент белгилегендей, аяк оона айынын аягында барууну пландап
жаткан Алматыда жаңы
долбоорлорду баштоо аянтчасы болуп калышы мүмкүн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

