Президент Касым-Жомарт Токаев кайрылуусунда логистикалык инфраструктураны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурду. Мамлекет башчысынын пикири боюнча, бул өлкөнү өнүктүрүүнүн маанилүү факторлорунун бири. Айрыкча азыркы учурда дүйнөлүк логистика масштабдуу трансформация жана тез өсүш мезгилин башынан кечирип жатканда, деңиз жолдорунун алсыздыгы кургактык транспорт коридорлорунун стратегиялык маанисин жогорулатты. Касым-Жомарт Токаев Казакстан бул тарыхый мүмкүнчүлүктү пайдаланып, иш жүзүндө Евразиянын алдыңкы логистикалык борборуна айланышы керектигин баса белгиледи. Учурда Кытайдан Европага жүк ташуулардын 85% жакыны өлкө аймагы аркылуу өткөнүнө карабастан, президент токтоп калууга болбостугун белгилейт. Казакстан эл аралык жүк агымдарын толук уюштуруучунун ролуна өтүшү керек. Бул үчүн мамлекет башчысы ата мекендик логистикалык операторлорду өнүктүрүүнү, жүктөрдү консолидациялоо жана бөлүштүрүү борборлорун түзүүнү, ошондой эле ири транспорт түйүндөрүнүн тегерегинде жаңы өндүрүштүк жана соода аянтчаларын түзүүнү тапшырды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Азыркы учурда логистика маселелери менен бардык өлкөлөр алектенип жатат. Өнүккөн транспорттук логистикасыз, бүгүнкү күндө күчтүү өлкө да эртең кулашы мүмкүн. Келерки жылы биздин өлкөдө «Бахты – Аягөз» темир жол линиясы ишке кирет. Жаңы каттамдын аркасында Кытай менен жүк ташуунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү 20 миллион тоннага көбөйөт. Баш оона айында «Арал – Каспий» автоунаа жолунун курулушу башталды. Бул долбоор Транскаспий коридорунун аралыгын болжол менен 1 миң чакырымга кыскартып, жүк жеткирүү мөөнөтүн үч күнгө чейин азайтат. Өкмөт бул тармакта башталган бардык долбоорлордун сапаттуу жана өз убагында аткарылышын катуу көзөмөлгө алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

