К. Токаев «Казакстан Элдик Кеңешинин» негизги милдеттерин аныктады

К. Токаев «Казакстан Элдик Кеңешинин» негизги милдеттерин аныктады

Коомдук диалогду өнүктүрүү жана казакстандыктарды бириктирүү – бул «Казакстан Элдик Кеңешинин» түзүлүшүнүн негизги максаты. Бул тууралуу бүгүн Жогорку консультативдик органдын биринчи сессиясында Мамлекет башчысы айтты. Касым-Жомарт Токаев мүчөлөргө милдеттерди коюп, анын конституциялык макамын жана өлкөнүн саясий тутумундагы «Казакстан Элдик Кеңешинин» өзгөчө ордун баса белгиледи. Президент өлкөнүн көйгөйлөрүн ачык талкуулоо, жарандардын сунуштарын талдоо жана конкреттүү чечимдерди иштеп чыгуу үчүн атайын институт түзүүнү көптөн бери пландап жүргөндүгүн белгиледи. Ал эми жаңы органдын аталышы анын жалпы улуттук мүнөзүн толук чагылдырат.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Казакстан Элдик Кеңешинде элдин биримдигин чыңдоого багытталган натыйжалуу, терең иштелген демилгелер ишке ашырылат. Ушул себептен мен Казакстан Элдик Кеңешинин конституциялык макамына дагы бир жолу көңүл бургум келет. Бул кадам эбегейсиз мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бирок, Элдик Кеңеш Курултайга альтернатива эмес экендигин сөзсүз эске алуу керек. Элдик Кеңештин мүчөлөрү Курултайдын компетенциясына кирген иштер менен алектенбейт жана депутаттардын ишине кийлигишпейт.

Азыркы негизги милдет – Элдик Кеңеш менен Курултайдын шайкеш жана өз ара толуктап турган ишин камсыз кылуу, деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Ошондуктан, эки бийлик институтунун комитеттери туруктуу диалогду жана синергияны түзүүгө тийиш. Мындан тышкары, Казакстан Элдик Кеңеши Казакстан элдеринин Ассамблеясынын жана Улуттук курултайдын уникалдуу тажрыйбасын, мыкты практикаларын сактап калышы керек. Ошол эле учурда, бардык ишти сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгаруу зарыл, деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

–  Элдик Кеңеши бул багытта иштеген этномаданий бирикмелерди жана башка коомдук уюмдарды бириктирүү менен алектенет. Региондук деңгээлде достук үйлөрүнүн базасында «Коомдук келишим» тармагы өз ишин улантат. Этномаданий бирикмелер жергиликтүү коомдук кеңештерде көрсөтүлөт, туруктуу комитеттердин, тармактык комиссиялардын, Казакстан Элдик Кеңешинин консультативдик-кеңеш берүүчү органдарынын ишине катыша алышат.

Элдик Кеңеш үчүн дагы бир маанилүү милдет - аймактар ​​менен тыгыз байланышты түзүү жана аларды колдоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыгуу. Ал эми жалпы улуттук маселелерди талкуулоодо, Президент баса белгилегендей, коомдук кеңештердин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу керек. Бул үчүн мыйзамдарды өркүндөтүү зарыл болот. Мындан тышкары, жогорку консультативдик орган жарандык коом институттарын өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Касым-Жомарт Токаев ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасын масштабдуу трансформациялоонун акыркы этабы бардык деңгээлдеги маслихаттарга шайлоо болорун билдирди.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

–  Ошондуктан жакынкы арада Премьер-министр жана Курултайдын Төрагасы менен бардык деңгээлдеги маслихаттардын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу боюнча консультацияларды өткөрүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү жарлыкка кол коём.  Андан кийин Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы шайлоонун күнүн аныкташы керек болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков