Аяк оона айынын 23-24 күндөрү Астанада Казакстан Элдик Кеңешинин биринчи сессиясы өтөт. Бүгүн мамлекет башчы аны чакыруу боюнча жарлыкка кол койду. Ошондой эле, Президенттин Жарлыгы менен Казакстан Элдик Кеңешинин курамы бекитилди. Ага 126 адам кирди. Алардын ыйгарым укуктары төрт жылга эсептелген. Жогорку консультативдик органдагы өкүлчүлүк үч багыт боюнча түзүлөт: этномаданий бирикмелерден 42 мүчө, ири коомдук бирикмелерден жана коммерциялык эмес уюмдардан 42 мүчө, ошондой эле маслихаттардан жана коомдук кеңештерден 42 мүчө. Акыркы топтун эсебинен Казакстандын бардык аймактары көрсөтүлөт. Курамга серепчилер, талдоочулар, окумуштуулар, журналисттер, спортчулар, ишкерлер жана маданият ишмерлери кирет. Эске салсак, Казакстан Элдик Кеңеши элдин кызыкчылыгын билдирет. Ал ички саясат, коомдук ынтымак жана биримдик маселелери боюнча сунуштарды даярдайт. Курултайга мыйзам долбоорлорун киргизип, жалпы элдик референдум өткөрүү демилгесин көтөрө алат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

