К. Токаев Казакстан-Бавария технологиялык форумунда сөз сүйлөдү

К. Токаев Казакстан-Бавария технологиялык форумунда сөз сүйлөдү

Касым-Жомарт Токаевдын Германияга болгон расмий сапары Мюнхенде өткөн казак-бавариялык технологиялар форумуна катышуу менен жыйынтыкталды. Президенттин айтымында, тараптарды экономикалык кызматташтыктын кийинки этабы күтүп турат. Ал алдыңкы технологияларды, жогорку технологиялуу өндүрүштү өнүктүрүү жана жаңы рыноктарга биргелешип чыгуу менен байланыштуу болушу керек. Тактап айтканда, микроэлектроника тармагында өз ара аракеттенүүнү арттыруу үчүн Касым-Жомарт Токаев казакстандык компанияларды жана илимий уюмдарды бавариялык жарым өткөргүч өнөр жай экосистемасы менен бириктирүүнү сунуштады. Анын үстүнө, өлкө жез, титан, бериллий, тантал жана ниобий жеткирүүнү көбөйтүүгө даяр. Мамлекет башчысы ошондой эле Транскаспий эл аралык транспорттук каттамы боюнча өнөр жай жана логистикалык хабдарды биргелешип өнүктүрүүнү сунуштады. Агроа өнөржай комплексинде да кызматташтыктын келечеги бар. Айыл чарба техникасын өндүрүү, айыл чарба жана сууну үнөмдөөчү технологиялар боюнча Бавариянын тажрыйбасын эске алуу менен, казак-бавариялык үлгүлүү чарбаларды түзүү сунушталды. Инвестициялар үчүн жакшы аянтча - Alatau City. Жыйынтыгында Касым-Жомарт Токаев Алматыда Бавария экономикасынын өкүлчүлүгүн ачууну сунуштады. Ал Германиялык бизнестин Казакстанда жана Борбор Азия өлкөлөрүндө долбоорлорду ишке ашыруусуна көмөктөшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков