Казакстандын Президенти Курултайдын биринчи сессиясын чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду

Казакстандын Президенти Курултайдын биринчи сессиясын чакыруу жөнүндө жарлыкка кол койду

Баш оона айынын 28де саат 11:00дө Астанада биринчи чакырылыштагы Курултайдын биринчи сессиясы өтөт. Бул тууралуу жарлыкка бүгүн Казакстандын Президенти кол койду. Ушул күндөн баштап жаңы бир палаталуу Парламент расмий ишин баштайт. Сессия башталаар алдында жогорку өкүлчүлүк органына өткөн партиялар депутаттардын тизмесин түзүшү керек. Документ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирди.


 Которгон: Назира Бегалиева